Рок-н-роллдун падышасы, америкалык ырчы жана актёр Элвис Пресли Американын түштүгүндө, Миссисипи штатында туулган. Ырчылык таланты бала кезинен эле билинип, бирок ырдоо манерасы башкача болгон. Кийин Элвистин дал ошол ырдоо манерасын, ошол үнүн элдин баары жактырып, өсүп-чоңойгон Мемфис шаары эле эмес, бүт Американын жаштары аны туурап ырдай баштаган. Кийин Голливудга келип, катардагы ырчыдан бүт Америка менен Европа сыйынган эстрада кумирине чейин жеткен. Элвистин атак-даңкы, дүйнөлүк аброю зор болгондуктан АКШнын президенти Ричард Никсон аны менен атайын жолугуп, "жаңы муундун жаштарын жакшы жакка тарбиялоого жардам бериңиз" деп суранган.