Италиялык физик, механик, астроном, философ жана математик Галилео Галилей 77 жашында көз жумган.
Ал 1546-жылы 15-февралда Италиянын Пиза шаарында туулган. Ал Аристотель, Евклид, Архимеддин эмгектеринен таалим алган. Металл куймаларынын курамын тез аныктоо жана фигуранын оордук борбору жөнүндөгү геометриялык изилдөөлөрү үчүн гидростатистикалык тараза жасаган. 1589-жылы Пизадагы, ал эми 1592-жылы Падуэ математикалык кафедраларын жетектеп, илимий иш жүргүзгөн.
Окумуштуу, ойлоп табуучунун чыгармачылыгы 1592-1610-жылдары өтө күчтүү өнүккөн. Ушул жылдарда ал нерсенин эркин, жантык, тегиздик боюнча түшүшү, горизонтко бурчу боюнча ыргытылган нерсенин кыймылы, маятниктин изохрондуу термелиши жөнүндөгү эмгектерин жараткан. Илимпоз өзүнүн илимий окууларын туура жүргүзүү менен Коперниктин теориясынын тууралыгын ырастаган.
1690-жылы чоңойткуч оптикалык түтүк телескопту биринчи жолу өзү жасап Айга багыттап, улуу ачылыштарга жол салган. Айдын бети тегиз эместигин, анда тоолор, өрөөндөр бар экендигин байкап, алардын бийиктигин өлчөп, Айдын Жерге окшош экендигин далилдеген. Ал кезде Айды жылмакай хрусталга окшош, шар түрүндө деп түшүнүшкөн. Чолпон планетасы да Айга окшоп өзүнүн формасын, фазасын өзгөртүп турарын телескоптон байкаган. Ал Жердин айланасында айланбастан, Күндүн айланасында айланганда алмашуу болорун далилдеп, Юпитердин 4 спутнигин ачкан. Күндүн бетиндеги кара тактардын орун которушу аркылуу Күн да өз огунда айланарын ачкан. Саманчынын жолун телескоп менен караганда ал куралсыз көзгө керүнбөгөн көп жылдыздардан турарын көргөзгөн. Ошентип ага жылдыздардын чексиз дүйнөсү ачылган.
1633-жылы динчилдер окумуштууну соттоп, коркутушуп, окуусунан баш тарттырышкан. Галилей Коперниктин окуусун акыр-аягына чейин жактаган. Улуу окумуштууну өмүр бою эч жакка чыгарбоого аргасыз кылып тыюу салса да, механика тармагы боюнча улам жаңы ачылыштары менен илимдин өнүгүшүнө көмөкчү болуп, динчилдердин куугунтуктоосуна карабастан, Галилей илимий көз караш үчүн күрөшүүчүлөрдүн эң көрүнүктүүсү болуп түбөлүк кала берген.