10- Январь 1971 -жылы франциялык кутюрье Габриель Коко Шанель каза болгон
Улуу мода ханышасы Габриель Коко Шанель 88 жашында Парижде көз жумган.
Габриель Коко Шанель Франциянын Сомур шаарында төрө­л­гөн. Ата-энеси чогуу жашабагандыктан, кичинекей кыз жетимдер үйүндө тарбияланган. 12 жашка толгондо апасы каза болот да, атасы Габриелди католик мектебине киргизет. Жаштайынан эле Габриелдин мүнөзүндө өжөрлүк, көз карандысыздыкка, эркиндикке умтулуу сезимдери өрчүй баштайт. Интернатта дайыма бир форма кийип тажаган Габриель аялзатын өзү каалагандай кылып кийинтүүнү самачу. Өз алдынча жашоосун баштагандан кийин кездеме саткан дүкөнгө орношуп, кечкисин жергиликтүү кафеде ырдап жан бакчу. “СоСо” деген ырды көп ырдаганы үчүн аны Коко деп атап коюшкан. Ырчылыктан эч пайда көрбөсө да, көптөгөн бай, таасирдүү адамдар менен достошууга жетишкен. 1913-жылы Этьен Бальзан аттуу адам Габриелге Довиль шаарында баш кийим сатуучу дүкөн ачып берет. Шанелдин алгачкы кардарлары пайда боло баштайт. Иши оңунан чыгып, өзүнө ишене баштаган Габриель Бальзандан кол үзөт. Кичинекейиндеги тилеги орундалып, кийим чыгарууну ойлонот. Кээ бир кийимдерди Шанель түшүндө көрүп, анан тикчү дешет. Аялдар үчүн шым, костюм, юбкалардын жаңы моделдерин, спорт кийимдерин чыгара баштайт. Баш кийим, зергерден сырткары атыр чыгарууга да жетишет. Анын атактуу Шанель №5 деп аталган атыры бүгүнкү күнгө чейин эч өзгө­рүл­бөгөн кайталангыс жытка ээ. 1914-жылы согушка катышкан аялдар үчүн Коко Шанель атайын тыкыс кийимдерди даярдаган. 1930-жылдардын аягында Габриель кокусунан бардык дүкөндөрүн жаап, Швейцарияга көчүп кеткен. Бирок Кристиан Диор аттуу атаандашы пайда болгондо 70 жашар Шанель кайрадан мода чөйрөсүнө кайтат. Коко Шанель жылына 160 миллион доллар киреше алып келген “Шанель үйүн” түзгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан