1- Май 1853 -жылы
Орус бийлиги Ормон хандын элин Орус империясынын курамына алуу маселесин көтөргөн
Орус бийлиги Ормон хандын элин Орус империясынын курамына алуу маселесин көтөргөн. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта кыргыз манабы Ормон Ниязбековду эли менен бирдикте Орусия империясынын букаралыгына алуу зарылчылыгы белгиленет. Таасирдүү манаптын империя тарабына өтүшү аймактагы саясий абалды ыңгайлуу оңтойго оодара тургандыгы туурасында кенен кабарланат. Мындан тышкары катта Ормон ханды орус ордосуна чакыруу жана аздектеп күтүү, сый-урмат көрсөтүү сыяктуу кеп-кеңеш келтирилет.