V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер Талас облусунун Манас районундагы Пушкино кыштагында туулган.
Жогорку билимдүү. 1988-жылы СССР ИИМинин Фрунзедеги атайын милиция мектебин бүтүргөн.
1977-1979-жылдары СССР Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.
1982-1991-жылдары Кыргыз ССР ИИМинин милиция органдарында кызмат кылган. 1994-жылы Талас облусунун Манас райондук эл депутаттарынын Үч-Коргон айылдык кеңешине депутат болгон.
2000-жылдын февралында II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган. 2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин Жаштар иши, спорт, туризм, коомдук бирикмелер жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча комитетин жетектеген.
2005-жылы Талас шайлоо округу боюнча III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болгон.
2010-жылы - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүндө ички иштер министри.
2010-жылдын октябрында “Ата-Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кайра аттестациялоо тартибинде “генерал-лейтенант” атайын наамы ыйгарылган.
2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен III даражадагы мамлекеттик жогорку "Манас" ордени менен сыйланган.
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Болот Шер Эл аралык “Көк-Бөрү” федерациясынын негиздөөчүсү.