12- Январь 1941 -жылы Режиссёр Болот Шамшиев туулган
“Кыргыз керемети” учурунун таланттуу өкүлү, мыкты режиссёр Болот Шамшиев Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте (мурдагы Фрунзе) туулган. Кыргыз ССРнин Эл артисти (1975), СССРдин Эл артисти (1991) Болот Шамшиевдин атасы Төлөн Шамшиев кыргызга белгилүү акын болгон. 
Болот Шамшиев 1965-жылы ВГИКти бүткөн. Окуп жүргөндө Ч.Айтматовдун повести боюнча Л.Шепитко тарткан "Аптап" кинофильминде башкы каармандын (Кемелдин) ролун аткарган. Алгач "Манасчы" (1965), "Чабан" (1966) аттуу даректүү фильмдерди тартып, андан кийин айтылуу М.Ауэзовдун чыгармасы боюнча өзүнүн "Караш-Караш окуясы" аталган алгачкы көркөм фильмин (1968) жаратат. 1971-жылы "Касиеттүү Ысык-Көл" фильмин тарткан. Бул фильмдерине Орто Азия жана Казакстан, бүткүл союздук, эл аралык кинофестивалдарда алдыңкы байгелер ыйгарылган. Болот Шамшиев замандаш адамдардын ой-санаасын, мүдөөсүн чагылдырган көйгөйлүү темаларга кайрылып, аларды кинодогу кейипкерлердин ички сезими аркылуу кылдат ачууга, драмалуу терең чиеленишти лирикалык ыкласта берүүгө умтулган. Ч.Айтматовдун повести боюнча тарткан социалдык-этикалык жана философиялык маанидеги "Ак кеме" фильми (1975, СССР мамлекет сыйлыгы, 1977) Бишкек шаарында өткөн Бүткүл союздук 9-кинофестивалда (1976) Баш байгеге, Италияда (Торонто ш.) Гран-при сыйлыгына, Чехословакияда (Карлови-Вари ш.) атайын байгеге татыктуу болгон. 1978-жылы "Эл арасында" (А.Сүйүндүков менен бирге), Ч.Айтматовдун повести боюнча "Эрте келген турналар" (1979), кийинки фильмге Дүйшөмбү шаарында өткөн Бүткүл союздук 13-кинофестивалда (1980) Башкы байге ыйгарылган. "Бөрү зындан" (1984), "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерин тарткан. Болот Шамшиев – Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1969), Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан