14- Январь 1994 -жылы
Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун бири Мамлекеттик Герб кабыл алынган
"Легендарлуу парламент" атыккан Жогорку Кеңештин бул күнкү жыйыны мамлекеттик гербди талдоого арналып, депутаттар сунуш кылынган 5 долбоордун тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн.
Сунуш кылынган долбоорлор адегенде атайын уюшулган комиссиялар элегинен өткөн. Долбоор эскиздерине шарттуу ураан берилип, алардын авторлору комиссия мүчөлөрү үчүн беймаалым калган. Жогорку Кеңеш жыйынында "Нур" урааны менен катышкан долбоор жактырылып, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби катары кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин авторлору Нарын балдар искусство мектебинин директору Асейин Абдраев менен Нарын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Садырбек Дубанаев экендиги коомчулукка белгилүү болгон.