КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н.С.Хрущёв Кыргыз жерине иш сапары менен келген. Кыргыздын тарыхында биринчи жолу жогорку кызмат адамынын буту Кыргыз жергесин аттагандыгынан улам Н.С.Хрущёвду тоскондордун саны коркунучтуу чекке жеткен. Делебеси козголгон калк эски аэропортту коргогон укук коргоо кызматчыларынын катарын жарып өтүп, Никита Сергеевичтин колун кысканга аракет жасашкан.