Американын прогрессивдүү жазуучусу, журналист жана коомдук активист Жон Гриффит "Жек" Лондон Калифорния штатынын чоң порттуу шаары Сан-Францискодо, жарды фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучунун балалык чагы кысымчылыкта жана жакырчылыкта өткөн. Жазуучулук даражага жеткенге чейин ал ар түрдүү кесипти башынан өткөргөн. Ал 11 жашында көчө кыдырып газета сатса, андан соң балык уулап акча тапкан. Кийин консерва заводунда, кендир ийрүүчү фабрикада жана кир жуучу жайларда жумушчу болуп иштеген. Матрос болуп Япония менен Арктиканын жээктерине чейин сүзүп барган жана репортёрлук кызматты аткарып, жумушсуз калгандыгы үчүн түрмөгө да түшкөн. Лондондун үй-бүлөсү жумушчу тобуна киргенине карабастан, эмгектеринде өзү басым кылганчалык кембагал болбошу мүмкүн дешет. Ал туулган үй 1906-жылкы Сан-Франсиско зилзаласында күйүп кеткен. Лондон эч кимдин жардамысыз сабатсыздыгын өзү жойгон.