13- Январь 1977 -жылы
Англиялык актёр Орландо Блум туулган
Англиялык актёр Орландо Жонатан Бланчард Блум Англиянын Кэнтербери шаарында туулган. Ал 4 жашка чыкканда атасы каза болуп калып, эжеси Саманта менен Орландону тарбиялоо түйшүгү жалгыз апасында калган. Апасы ага музыка, театр жөнүндө көп айтып бергендиктен, Орландо театр менен өтө эле эрте "ооруган". 16 жашка чыкканда өз шаарын таштап, актёрлук билим алуу үчүн Лондонго келген. 1998-жылы Орландо бактысыз окуяга туш болгон. Кезектеги съёмкалардын биринде чатырга чыгып баратып, бийиктиктен кулап түшкөн да, натыйжада, далысын кокустатып алган. Врачтар эми баса албай калат деп жыйынтык чыгарганына карабай, Орландо бир жумадан соң таяк менен басып кеткен. Орландо Блум тартылган тасмалар: "Шакектер шаасы", "Кариб деңизинин каракчылары", "Троя", "Элизабеттаун", "Шаарлар", "Нью-Йорк, мен сени сүйөм!" жана башкалар.