14-январь, 1989-жылы Орусияда музыкалык “Любэ” тобу түзүлгөн

Дүйнө
Орусияда музыкалык “Любэ” (аталышы топтун лидери Николай Расторгуев туулган Подмосковьедеги Люберцы шаарынын аталышынан келип чыккан) тобу түзүлгөн.
Дал ушул күнү белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко түзгөн топко Расторгуев кошулуп, анын үнү менен эң алгачкы "Батька Махно", "Люберцы" аттуу ырлары жаздырылган. Бул ырлардан кийин эле топтун атактуулукка болгон жолу ачылып, көп­чү­лүктүн көңүл борборунан орун тапкан. Эки жылдык гастролдук сапарынан кийин айтылуу "Атас" альбому жарыкка чыккан. Топтун ийгиликтерине Николай Расторгуевдун түздөн-түз салымы чоң экендигине далил катары алардын 3 жыл ичинде койгон 800 концертиндеги 3 миллиондон ашык калктын “Расторгуев, сен мыктысың!” деп колдоп турушкандарын айтууга болот.
Айта кетчү нерсе, 1939-жылдардагы аскердик форма үлгүсүндөгү кийимди сахна кийими катары алып жүрүшүнө Орусия эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёванын кеңеши түрткү болгон.  (31 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9073;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: