15- Январь 1993 -жылы
“Санта-Барбара” сериалынын соңку 2137-сериясы эфирге чыккан
АКШнын NBC телеканалында айтылуу “Санта-Барбара” сериалынын соңку 2137-сериясы эфирге чыккан.
1984-жылы 30-июлда Американын NBC каналында "Санта-Барбара" сериалы көрсөтүлө баштаган. Сериал 9 сезон, 2137 сериядан турган.
Ал Санта-Барбара шаарында турган жашоосу окуяларга толгон, бай Кэпвелдердин үй-бүлөсү тууралуу. Сериалдын продюсерлери: Брижит Добсон, Жером Добсон, Жон Конбой болгон.