17- Январь 1995 -жылы Япониянын Кобе шаарында күчтүү жер титирөө болуп, 6 миңден ашуун адам көз жумган
Япониянын Кобе шаарында күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер силкинүүнүн очогу Япониянын калк көп жайгашкан районунда болгондуктан, 6 миң 434 адам курман болуп, 300 миң киши турак-жайсыз калган. Табигый кырсык 102,5 миллиард доллар материалдык зыян алып келген. Жер титирөө башталгандан тартып 20 секунддун ичинде шаардагы бир катар имараттар кыйрап, газ түтүктөрү жарылып, өрт чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан