17- Январь 1706 -жылы америкалык окумуштуу, журналист жана коомдук ишмер Бенжамин Франклин туулган

АКШны негиздөөчүлөрдүн бири, окумуштуу, журналист жана коомдук ишмер Бенжамин Франклин Массачусетс штатындагы Бостон шаарында төрөлгөн.

Ал Эгемендиктин декларациясы жана АКШ Конституциясынын (1787) түзүүчүлөрүнүн бирден-бир өкүлү. Саясий көз караштары боюнча Франклин демократ болгон. Өзүнүн чыгармаларында ал кул ээлөөчүлүктү жана кул сатуучулукту кескин түрдө сындап, кара терилүүлөрдүн жана индейлердин укугун коргогон. Франклиндин философиялык көз караштары Жон Локк,Энтони Эшли Купер Шефтсбери, Уилки Коллинз, Жон Пристли сыяктуу ойчулдардын чыгармачылыгынын таасири астында калыптанган.

Кыймылды материянын имманенттик касиети катары караган. Табиятта көз карандысыз мыйзам ченемдүүлүктөр бар деген пикирге кошулган. Анын катышуусу менен Улуу Британия АКШнын көз карандысыздыгын тааныган Версаль тынчтык келишими түзүлгөн. Б.Франклин АКШда биринчи болуп коомдук китепкананы, Америкалык философиялык коомду жана Пенсильвания университетин негиздеген.

"Убакыт - акча", "Бүгүн жасалчу иштерди эртеңкиге таштаба", "Эгерде тынч уктагың келсе, төшөгүңө ынсабыңды кошо ала жат". Булар Бенжамин Франклинге таандык эң белгилүү афоризмдер. Улуу саясий ишмердин сүрөтү АКШнын 100 долларлык купюрасына түшүрүлгөн. Ал 1790-жылы 17-апрелде Филадельфия шаарында көз жумган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан