Айтылуу америкалык мушкер Мухаммед Али АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн.
Дүйнө чемпиону аталган соң Кассиус Клей коомчулукка ислам динин кабыл алганын айткан. Буга катар ал Мухаммед Али деген ысымга ээ болгонун билдирген. Профессионалдык рингде Али 61 беттеш өткөрүп, 56 ирет жеңишке жетишкен. 1964-1966-жылдар аралыгында жана 1974-1978-жылдары супер оор салмакта Дүйнө чемпиону катары чемпиондук курга ээ болгон.
Аны уткан мушкерлердин бири - Жо Фрейзер. Фрейзер-Али беттеши "кылымдын беттеши" деп аталып, 1971-жылы 8-мартта орун алган. Анда атаандашы Алиге жакынкы аралыктан көп сокку узатып, беттеш акырында упай айырмачылыгында жеңишке жетишкен.
Мухаммед Али саясатта да көз карашын ачык айтып, айрым учурда карама каршы пикирлерди жаратып келген. Ал Вьетнамдагы согуштук аракеттерге кошулуудан баш тарткан. 1981-жылы бокстон биротоло кеткенден кийин Мухаммед Али кайрымдуулук иши, коомдук маселелер менен алек боло баштаган.
Жеке жашоосу
М.Али 4 ирет үй-бүлө курган. Биринчи жубайы Сожи Рой ислам динин кабыл албагандыктан, экөө ажырашып кеткен. Андан соң Белинда Бойл менен баш кошуп, 4 балалуу болгон. Экинчи жубайы менен дагы келишпей, ажырашкан соң 1977-жылы модель Вероника Поршко үйлөнүп, 2 балалуу болгон. Бирок 9 жылдан кийин бул никеси дагы ийгиликсиз аяктаган. 1986-жылы Иоланта Уильямс менен баш кошуп, экөө 5 жаштагы баланы багып алышкан.
Узакка созулган оору өмүрүн алып кетти
Легендага айланган Мухаммед Али 40 жашка чыга элегинде паркинсон илдетине кабылгандыгы аныкталган. Адатта бул оору адамдарга улгайган курагында келет. Мушкер дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон. Ал бул ооруга кабылып калса дагы, 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарынын отун жаккан. Бул окуя боюнча Америка Кошмо штаттарынын мурунку президенти Билл Клинтон: "Оорудан колдору титиреп турса дагы Олимпиада отун кылдат көтөрүп чыгып тутандыруу үчүн кандай кайрат керек! Мен ушинтип илдетке кабылып калдым деп мүңкүрөп калбастан, коомчулукка чыгып турганы канча! Али өзгөчө киши", - деп айткан.
Легендарлуу мушкер 2016-жылы 3-июнда 74 жашында өпкөсүндөгү дартка байланыштуу жана узакка созулган калтыратма оорусунан улам Финикс шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумган.