17- Январь 1961 -жылы
Конгонун туңгуч премьер-министри, улуттук баатыры Патрис Лумумба көз жумган
Патрис Эмери Лумумба 1925-жылы 2-июль күнү Конгодо (Африкадагы өлкө) төрөлгөн. Ал – коомдук жана саясий ишмер. Конго Демократиялык Республикасынын биринчи премьер-министри, улуттук баатыр, акын, Африка элдеринин боштондук күрөшүнүн символу.
Боштондук үчүн болгон аракеттеринин кесепетинде камакка алынат. Түрмөдө жатып, саясатка мыйзам жолу менен аралашууну ойлойт да, бошонгондон кийин “Конгонун улуттук кыймылы” аттуу партиясын негиздейт. Шайлоодо партия жеңишке жетишип, ал Конгонун биринчи премьер-министри болуп дайындалат. 1960-жылы 7-июлда П.Лумумба СССР менен дипломатиялык мамиле курууга жетишет. Эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бекемдөө үчүн Москвада анын атын жаңы ачылган Эл аралык достук университетине жана көптөгөн шаар көчөлөрүнө ыйгарууга чечим чыгарылат. 1960-жылы өлкөсүндөгү баш аламандыкка жол бергендиги үчүн Лумумба жумушунан бошотулуп, үй түрмөгө камалат. Андан бир жыл өтпөй жарык дуйнө менен кош айтышкан.