21- Январь 1994 -жылы
Кыргыз жеринде жашаган улуттарды бириктирүү максатында уюштурулган Кыргызстан элдеринин I Курултайы башталган
Кыргыз жеринде жашаган улуттарды бириктирүү максатында уюштурулган 3 күндүк Кыргызстан элдеринин I Курултайы башталган. Анда “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” урааны кабыл алынып, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы түзүлгөн.
Курултай демилгесин өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери көтөрүшүп, алар мындай сунуш менен 1993-жылдын декабрь айынын башталышында президент Аскар Акаевге кайрылышкан. Курултайга Кыргыз мамлекетинде жашаган калктардын өкүлдөрү, саясий партия жетекчилери, коомдук ишмерлер чакырылып, анын ишине президент Аскар Акаев катышкан. Курултайда сүйлөгөн мамлекет башчысы Кыргыз мамлекетин курууга, мында жашаган калк өкүлдөрү катышкандыгын белгилеп, Кыргыз өлкөсү жалпыга таандык деген идеологияны жыйын талкуусуна койгон. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы үчүн кош жарандуулук керек экендигин жана ал норманы Конституция аркылуу бекемделиш зарылчылыгын көтөргөн.