24- Январь 1952 -жылы
“Советская Киргизия” гезитине Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилиндеги кээ бир сөздөрдү туура жазуу жөнүндөгү макаласы жарык көргөн
Кыргыз айыл чарба институтунда окуган Чыңгыз Айтматов аттуу студент, кыргыз тилиндеги айрым сөздөрдү туура жазуу проблемасын көтөргөн. Анын "О терминологии кыргызского языка" аттуу макаласы "Советская Киргизия" гезитинде жарык көрүп, автор кыргыз тилине жумшак жана ичкертүү белгилерин киргизүү керектигин белгилеген.