20- Октябрь 1948 -жылы
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Болот Жанузаков төрөлгөн
Мурунку президент Аскар Акаевдин экс-администрация башчысы Болот Жанузаков Кемин районундагы Чым-Коргон айылында төрөлгөн. Орто мектепти бүткөндөн кийин Фрунзедеги политехникалык институтуна өткөн. 3-курстан баштап Фрунзедеги эт комбинатында 6-разряддагы союучуга чейин жеткен. Кийин окуусун бүткөндөн кийин Сүлүктүдөгү эт комбинатына башкы инженерлик кызматына кирген. Андан соң комсомолдук кызматка, саясатка аралашып, бир катар комсомолдук, партиялык кызматтарды аркалаган. 1982-жылы ички иштер органдарына өтүп, Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгында саясий бөлүмдүн начальниги болуп иштеп калган. Күч органдар системинде 14-15 жылга чукул кызмат өтөгөндөн кийин өкмөттүн аппаратында, 1998-жылы май айынан тарта президенттин адмнистрациясында иштей баштаган.