18- Январь 1778 -жылы англиялык деңиз саякатчысы Жеймс Кук Гавай аралдарын ачкан

Англиялык деңиз саякатчысы, капитан Жеймс Кук дүйнөнү айланган үчүнчү саякаты маалында Тынч океандын ортосунда орун алган эбегейсиз архипелагды ачып, ага "Сандвич аралдары" деген аталышты ыйгарган.

Азыр Гавайи деп аталган арал капитан Куктун сүймөнчүк жерине айланган. Жергиликтүү калк да капитанга башында жылуу мамиле жасаган. Бирок, анын аралдарга кийинки келүүсү өзүнүн өлүмүнө себепкер болгон. Англичандар алгачкы жолу аралга келген учурда аларды жергиликтүү тургундар кудайдай көрүшүп, сый көрсөтүшкөн. Бирок, коноктордун арасынан бир адам көз жумганда, алар кудай эмес экендигин түшүнгөн аралдын тургундары менен саякатчылардын ортосундагы мамиле сууй түшкөн. 1779-жылы 4-февралда кемелер аралдан чыгып, сапарын улантат. Жолдо катуу бороон болгондуктан, Кук кайрадан Гаваиге кайтууга аргасыз болот. Туземдер менен саякатчылардын ортосунда кагылышуу болуп, жыйынтыгында Ж.Кук өлтүрүлгөн.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан