18- Январь 1955 -жылы
америкалык киноактёр Кевин Костнер туулган
Америкалык киноактёр, “Жансакчы” аттуу тасмадагы ролу менен белгилүү болгон Кевин Костнер АКШнын Калифорния штатындагы Линвуд шаарында туулган. Кевин Костнер актёр гана эмес продюсер, режиссёр жана музыкант дагы. Ал эки жолку "Алтын глобус" (1991, 2013), "Эмми" (2012) сыйлыктарынын ээси. Ошондой эле 1991-жылы "мыкты тасма" жана "мыкты режиссёрлук иш" номинациялары боюнча эки "Оскарга" ээ болгон.