Жозеф Редьярд Киплинг 1865-жылы 30-декабрда Индиянын Бомбей штатында төрөлгөн. 6 жашында Англияга барып, ал жерде 10 жыл жашаган. 1882-жылы 16 жаштагы Редьярд Индияга кайтып келип, гезиттердин биринде редактордун жардамчысы болуп иштеп, билимдүүлүгүн, ар тараптуулугун көрсөтө алган.
1889-жылдан тарта жазуучу дүйнө жүзүн кыдыра баштайт. Саякаттап жүргөндө жазган ырлары аны өз өлкөсүндө атактуулукка жеткирген. Америкада 4 жыл жашап, "Ойлоп чыгаруулардын массасы" (1893), "Күндүн эмгектери" (1898), "Жети деңиз", "Эр жүрөк деңиз саякатчылары" жана жырткычтардын арасында чоңойгон адам баласы Мауглинин жашоосу тууралуу "Жунгли китеби" (1894-1895) чыгармаларын жараткан. 1901-жылы "Ким" романын, 1902-жылы "Жөн эле жомоктор" деген балдар үчүн китепти чыгарган. 1937-жылы Киплингдин өлүмүнөн кийин анын "Бир аз өзүм жөнүндө. Тааныган жана тааныбагандар үчүн" деген эмгеги жарык көргөн. 32 жашында Р.Киплинг дүйнөдөгү эң бай жазуучу аталган. Ал мамлекет берген бир канча сыйлыктардан баш тартып койгон. Белгилей кетсек, "Жунгли китеби" чыгармасынын негизинде мультфильм жана тасма тартылган.