19- Январь 1736 -жылы Буу машинасын ойлоп тапкан шотландиялык механик Жеймс Уатт туулган
Шотландиялык механик, буу машинасын ойлоп тапкан Жеймс Уатт Шотландиянын Гринок шаарында төрөлгөн. Атасы аны темир устанын кесибин үйрөнүүсү үчүн Лондон шаарына жиберген. Ж.Уатт 7 жылда окуп өздөштүрө турган программаны бир жылдын ичинде окуп бүтүрүп койгон. Андан соң мекенине кайтып келип, Глазго университетинде механик болуп иштеп баштаган.

Белгилүү физиктер Жозеф Блэк жана Жон Робинсон менен таанышып, алардын буунун пайда болушундагы жылуулукту аныктоого байланышкан эксперименттерине катышкан. Ошол мезгилде ойлоп табуучулар буу машинасын жасоого аракет кылышкан. Алсак, францииялык окумуштуу Дени Папендин от машинасы болгон. Уатт дагы буу машинасын жасоону көздөп, максатына жеткен. Ошентип 1768-жылы ал ойлоп табуусуна патент алган.

Металлды иштеп чыгаруучу ишкананын ээси Мэтью Болтон Ж.Уаттын ишмердүүлүгүн жактырып, чогуу иштешүүнү сунуштаган. М.Болтон кыймылдаткычтын кубаттуулугун аттын күчү менен өлчөө идеясын тапкан. Ал эми Ж.Уаттын ысымы дагы бир кубаттуулукту ченөөчү бирдикке - ваттка берилген.

Уаттын буу машинасы тарыхта бурулуш жасап, унаа өнөр жайда маанилүү роль ойногон. Окумуштуу бул ачылышынан тышкары илимге бир катар жаңылыктарды киргизип, 1819-жылы 19-августта 83 жаш курагында дүйнө салган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан