20- Январь 1993 -жылы
британиялык актриса жана фотомодель Одри Хепберн көз жумган
Теги англо-голландиялык болгон британиялык Одри Хепбернды көпчүлүк актриса жана фотомодель катары таанышат. 1953-жылы "Римдеги эс алуу" тасмасында жараткан ролу үчүн "Оскар", кийин ошол эле эмгеги үчүн "Алтын глобус" сыйлыктарына арзыган актриса капыстан оор дартка кабылган. 1992-жылы 1-ноябрда ага операция жасалып, бирок операция, көпкө созулган дарылануулар да эч жардамын берген эмес. Ошентип талантуу актриса 63 жаш курагында көз жумган.