Мексикалык пианист, композитор, дүйнөгө белгилүү “Besame mucho” (“Өпчү мени”) ырынын автору Консуэло Веласкес Торрес жүрөк оорусунан улам каза болгон. Консуэло Веласкес 2004-жылы кокустан жыгылып кетип үч кабыргасын сындырып алып, жүрөгүнө доо кеткен. Ошол кырсык музыкант айымды өлүмгө алып келген.