Испаниялык сүрөтчү, айкелчи, жазуучу жана режиссёр Сальвадор Дали жүрөк оорусу кармап, көз жумган. Сальвадор Дали сюрреализмдин эң көрүнүктүү өкүдөрүнүн бири болгон. Сүрөтчү каза болгондон кийин, сөөгү өзүнүн суранычы боюнча Испаниядагы Фигерас шаарында жайгашкан театр-музейинин бөлмөлөрүнүн биринин полуна бекитилген.