24- Январь 1888 -жылы Немис авиаконструктору Эрнст Хейнкель туулган
Немис авиаконструктору, авиация куруучу "Heinkel" компаниясынын негиздөөчүсү Эрнст Хейнкель Грунбах коммунасында туулган. Эрнст Хейнкель 1907-1911-жылдары Штутгарттагы жогорку техникалык окуу жайды аяктаган. 1909-жылы Франкфуртта өткөн эл аралык авиациялык жарманкеге баргандан кийин анын учак курууга болгон кызыгуусу күч алган. Ошондон кийин арты артынан учактын түрүн ойлоп таап, аны иш жүзүнө ашыра баштайт. Биринчи дүйнөлүк согушта атайын согуш убагында колдонууга ыңгайлашкан учактардын 30дан ашык түрүн ойлоп тапкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан