24- Январь 1965 -жылы Англиянын эки жолку өкмөт башчысы Уинстон Черчилль көз жумган
Журналист, публицист, жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер, мыйзамчы, Англиянын эки жолку өкмөт башчысы, адабият тармагында "Нобель" сыйлыгынын ээси Уинстон Леонард Спенсер Черчилль көз жумган.
Уинстон Черчилль 1874-жылы 30-ноябрда Англиянын Бленхейм ак сарайында туулган. Бул аксарай Мальборо герцогдоруна таандык болгон. Атасы - лорд Рэндолф Спенсер-Черчилль болсо жетинчи Мальборо герцогунун үчүнчү уулу болгон жана учурунда британ парламентине мүчө жана каржы тармагын тейлеген канцлердин кызматын аркалаган. Энеси деди Рэндолф Черчилль болсо америкалык бай ишкердин кызы болгон.
Тарыхта Черчилль өтө оор кырдаалда - Экинчи дүйнөлүк согуш маалында (1940-1945-жылдары) Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, фашисттик Германияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер катары өзгөчө орун ээлеп калган.
Кийин да (1951-1955-жылдары) Черчилль Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, 1955-жылдын 5-апрелинде ал өкмөт башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын берген.
Ал эми 1964-жылы 27-июлда Уинстон Черчилль акыркы ирет Британ парламентинин лорддор үйүндө (палатасында) отурумга катышкан. 
Өтөгөн эмгеги үчүн 1953-жылы 24-апрелде Черчиллге Британиянын канышасы "лорд" даражасын ыйгарат, ошондон тартып анын ысымына "сэр" деген сый наам кошулуп айтылып калган.
Саясаттан сырткары Черчиллдин ысымы адабиятта да калган. 1953-жылы 10-декабрда Черчилль адабият тармагындагы "Нобель" сыйлыгына татыган (ага атаандаш көрсөтүлгөн талапкер - америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй болгон, бул жазуучу кийинки жылы "Нобель" сыйлыгын алган).
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан