25- Январь 1929 -жылы
Кыргыз облустук ВКП(б)сынын 5-конференциясы соңуна чыккан
Конференция он күнгө созулуп, анын ишине 6000 чамалуу коммунист катышкан. Партиялык жыйында текшерүү комиссиясынын отчёту угулуп, кооперацияны куруу, кедейлер менен иш алып баруу, аялдарга азаттык берүү маселелери талкууга алынган. Партиялык уюмдарда жумушчу жана батрактардын саны жетишсиз деп аныкталып, алардын санын 50% жеткирүү жана партия уюмдарынан тап душмандарынын санын азайтуу, бюрократташкан элементтер менен аёосуз күрөш жүргүзүү чаралары белгиленген.