26- Январь 1990 -жылы
Фрунзеде азербайжандык качкындардын Кыргыз өлкөсүнө келишине каршы пикирин билдиришкен жаштар митинг өткөрүшкөн
Фрунзеде азербайжандык качкындардын Кыргыз өлкөсүнө келишине каршы пикирин билдиришкен жаштар мурдагы Ленин атындагы, азыркы "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүшкөн. Митингге борбор калаада жашаган жаштар катышып, алар менен бийлик өкүлдөрү жолугушкан. Жолугушууга келген шаардык Аткаруу комитетинин төрагасы А.Муралиев азербайжандык качкындар туурасындагы маалымат тек гана калкты кызытыш үчүн таратылган жалган кабар экенин билдирген.