29- Январь 1876 -жылы Ош, Өзгөн, Анжиян, Кокон, Маргалаң шаарларынын кадырлуу адамдары генерал М.Скобелевге жолугушкан
Орус жазалоочу отряды менен Пулатхан баштаган козголоңчулар ортосунда жүргөн чечүүчү кармаш 1876-жылдын январь айында Үч-Коргон кыштагынан 84 чакырым алыстыкта орун алган Кара-Тегин капчыгайында өтүп, козголоңчулар оор жеңилүүгө учурашкан. Пулатхандын 5000 чамалуу атчан аскери толук талкаланып, ал он жигити менен согуш талаасынан качып чыккан. Бир канча орус аскери жаракат алып, жазалоочу отряд 1876-жылдын 29-январында Асаке кыштагына өргүүгө келген. Ушул эле күнү орус аскер жетекчилигине Анжыян, Маргалаң, Кокон, Ош жана Өзгөндүн кадырлуу адамдары генерал М.Скобелевге келип, империяга баш ийгендигин билдиришкен. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан