"Туркестанская правда" гезитине Түркстан Республикасынын Элдик комиссарлар Советинин токтому жарыяланган. Токтомдо кара кыргыздардын "Манас баатыр туурасындагы уламыштарын" жарыялоо керектиги белгиленген. "Туркестанская правда" гезити: "Манас баатыр биз үчүн али белгисиз каарман, анткен менен кыргыздар Манас мындан 900 жыл чамалуу илгери жашаган деп эсептешет", - деп жазган.