30- Январь 1992 -жылы
Кыргыз өлкөсү ЕККУга мүчө болгон
ОБСЕ же ЕККУ - Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму. Бул эл аралык уюмдун башаты деп 1973-жыл эсептелинет.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму дүйнөдөгү коопсуздук боюнча чон уюмдардан болуп эсептелет. Анын максаты куралдуу күчтөрдү көзөмөлдөө, жарандык укугун коргоо, эркин сүйлөө жана таза шайлоо болуп эсептелет. Коопсуздук жана Европалык кызматташтык уюму Бириккен Улуттар Уюмунун атайын уюму жана конфликтик, кризистик, постконфликтик реабилитациялоо боюнча иш жүргүзөт.
ЕККУга бардыгы болуп 57 өлкө кирет. Ал эми Кыргыз өлкөсү 1992-жылы мүчө болуп катталган.