30- Январь 1962 -жылы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Тынычбек Акматбаев төрөлгөн
Маркум кримавторитет Рысбек Акматбаевдин иниси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, маркум Тынычбек Акматбаев Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн.
Тынычбек Акматбаев 1983-жылы Фрунзе шаарындагы советтик соода техникумун, 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факултетин бүтүргөн.
1984-1992-жылдары Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайларда ашпозчу, технолог, сатуучу болуп иштеген. Ал эми 1992-1997-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 1998-жылы Чолпон-Атада Төрөгелди атындагы асыл тукум жылкы заводун ачкан.
Тынычбек Акматбаев 2005-жылы март айында 3-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
2005-жылы 20-октябрда депутат октон курман болгон. №31-колонияда чыккан көтөрүлүштү басаңдатуу максатын көздөгөн Тынычбек Акматбаев ал жакка жол алган. Бирок көтөрүлүшчүлөр андан бетер чыр чыгарышып, кандуу жаңжал коштогон атышуу башталган. Капысынан ок жаңылган Тынычбек Акматбаев менен бирге анын үч жансакчысы каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан