31- Январь 1957 -жылы
Фрунзе киностудиясында тартылган тасмалардын I фестивалы ачылган
Фрунзе киностудиясында тартылган тасмадардын I фестивалы борбор шаардын "Ала-Тоо" кинотеатрында салтанат менен ачылган. Фестивалга "Ысык Көл жээгинде", "Достук чокусу", "Тян-Шан тоосунун курорттору" өңдүү даректүү тасмалар коюлган. Мындан тышкары, Никита Хрущевдун Кыргызстанга Ленин орденин тапшыруу үчүн келишине арналган даректүү тасма фестивалдын олуттуу окуясы катары бааланган.