Бишкектеги "Манас" аэропорту пайдаланууга берилген. Ал шаардын түштүгүндө жайгашкан эски "Бишкек" аэропортунун ордуна курулган. Аэропорт улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен "Манас" деп аталган. Аэропортко эң алгач 1974-жылдын октябрында Ил-62 учагы конгон. Анын бортунда СССРдин министрлер кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин болгон. Ал эми 1975-жылы 4-майда аэропортто эң биринчи пландалган каттам Москва-Домодедово болгон.