Америкалык жеке ишкер, “Colgate-Palmolive” компаниясынын негиздөөчүсү Уильям Колгейт Улуу Британиянын Кент графтыгындагы Холлингборн шаарында Роберт Колгейт аттуу фермер жана саясатчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасынын саясий көз караштарынан улам Уильям Колгейттин үй-бүлөсү АКШга көчүп кетүүгө мажбур болгон.