
Советтик жана грузиялык саясатчы, Грузиянын экс-президенти (1995-2003) Эдуард Шеварднадзе Грузия ССРинин Ланчхутско районундагы Мамати кыштагында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Эдуард Шеварднадзе мектептен кийин Тбилисидеги Медициналык техникумду аяктап, ал эми 1959-жылы Педагогикалык институтту бүтүргөн.
Саясатка аралашкандан кийин, 1972-жылы Грузиянын Компартиясынын биринчи катчылыгына көтөрүлүп, 1985-жылы Михаил Горбачёв тарабынан СССРдин Тышкы иштер министрлигине дайындалган, ошондой эле Горбачёв менен бирге “кансыз согуш” дооруна нокот койгон.
Эдуард Шеварднадзе 1985-1990-жылдары СССРдин Тышкы иштер министри, ал эми СССР тарагандан кийин 1995-жылы Грузиянын президенти болуп шайланган.
2003-жылы Грузияда бийлик алмашуу болуп, ошол жылдын 23-ноябрында Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзе кызматынан чегинген. Жергиликтүү мамлекеттик телевидение аркылуу Шеварднадзе ээлеген кызматынан кетүүнү тастыктаган документке кол койгондугун билдирген. Анда Грузиянын экс-президенти оппозиция тарабындагылар менен тирешүүдө бейкүнөө адамдардын каны төгүлбөшү үчүн ушундай кадамга барганын маалымдаган.
Ал эми 2004-жылдын 4-январында өлкөдө президенттик шайлоо болуп, оппозициячыл саясатчы Михаил Саакашвили шайлоого катышкандардын 80% добушуна ээ болуп, жеңишке жетишкен. Ал мурдагы президент Эдуард Шеварднадзенин ноябрда кызматтан кетишине түрткү болгон “Бирдиктүү улуттук кыймылдын” башында турган. Ал эми Эдуард Шеварднадзе шайлоодо Михаил Саакашвилиге добуш бергенин билдирген.