Австралияда европалыктар отурукташкан биринчи шаар – Сидней негизделген.
Европалыктардан Австралиянын жээгине алгач 1606-жылы голландиялык капитан В.Янсзон, кийин А.Тасман келген. 1770-жылы Австралиянын жээктерин Ж.Кук изилдеп, бул жерлерди Британиянын ээлиги деп жарыялап, Түштүк Уэльс деп атаган. 1788-жылы алгач англиялык Сидней кыштагы пайда болуп, кийин Сидней шаар деген статус алган.