Япон инноватору, жеке ишкер Акио Морита Япониянын Ногайо шаарында саке (япондордун улуттук ичимдиги) чыгарып сатуу менен алектенген үй-бүлөдө туулган. Атасы анын үй-бүлөлүк бизнести алып кетүүсүн каалаган. Андыктан уулун 10 жашынан баштап эле мүдүрлөрдүн чогулушуна катыштыра баштайт, бирок бул Акиого такыр жакчу эмес. Мунун себеби кичинекей кезинен электроникага абдан кызыккандыгында жаткан. Бош убактысын электрониканы окуп үйрөнүүгө жумшачу. Мунун айынан үй тапшырмасын аткарбай калган учурлары аз келгенсип, сабактарды да көп калтырар эле. Мектепти бүтөр жылы ЖОЖго тапшыруу үчүн окууга катуу киришет. Мектептен соң Осакадагы императордук колледжге өтүп, 1945-жылы физик болуп чыгат. Колуна диплом алгандан кийин мугалим болуп иштейт. Бош убагында электроника тармагында өз фирмасын ачууну каалаган Икубо деген адам менен иштешет. Убакыт жетип, экөө биргелешип Токиодо телекоммуникация жаатындагы техникалык компанияны негиздешет. Компания 1958-жылдан баштап “Sony” деген атка көчкөн.
Экөө алгач күрүч бышыруучу атайын идишти, андан соң алгачкы япониялык ленталуу магнитофонду ойлоп табышат. Ал мезгилде Японияда магнитофон жасоо үчүн керектүү желим жок болгондуктан, бул иш токтойт. Компанияны банкроттуктан анын атасы бир нече жолу куткарып калат. Алардын эң негизги көйгөйү жасаган нерсесин кантип сатууну билбегендигинде болгон. Өзүнүн маркетинг жаатында билими болбосо да, Морита фирманын тышкы соода жана маркетинг бөлүмүн жетектейт. 50-жылдан баштап фирма “дүйнөдө инновациялык продукцияны чыгаргандардын эң алдынкысы болобуз” деген максат коёт. Чындыгында эле алардын максаты ишке ашып, 1990-жылдарга чейин “Sony” 30 жыл бою эң мыкты инновациялык компания болуп келет. 1979-жылы “Sony” фирмасы чыгарган “Уолкмен” (англисчеден “walk” – “басуу”, “man” – “эркек”) музыкалык плеери компаниянын тарыхындагы эң көрүнүктүүсү болгон. Аны кайда болсо да жаныңда алып угуп жүрүүгө ыңгайлуу эле. Алгач плеерди чыгарарда компаниянын инженерлери “Аны менен музыка угууга гана болот, музыка жаздырып алууга болбойт. Ошондуктан аны эч ким албайт” деп ойлошот. Бирок бул музыкалык плейерди колдонуучулардын саны 100 миң эле эмес, дүйнө боюнча 20 миллиондон ашып кетет.
Ошол убактарда батышта “Японияда жасалган” деген жазуусу бар товарлар жакшы өтчү эмес. Акио “Sony” компаниясынын сапаттуу продукциясы менен “Японияда жасалган” деген имиджди толук оң жагына өзгөртүүнү каалаган жана ал максатына жеткен.
Морита музыкага жакын болгондуктан, компаниянын атын “Sony” деп атоону чечет. “Sony” – латын сөзү, бизче “үн” дегенди билдирет. Моританын аракетчилдигинин жана өжөрлүгүнүн натыйжасында компаниянын продукциялары АКШда кеңири тарайт. Ал гана эмес, АКШдагы тиричилик техникасын чыгарган “Техас Инструмент”, “Женерал Электрик” жана “Уэстингхаус” сыяктуу эң алдынкы компанияларды басып өтөт. “Sony” компаниясы радио, видеомагнитофон, телевизор, фотоаппарат жана башка техникаларды чыгарып, бүгүнкү күнгө чейин бул тармакта алдынкы орунду ээлеп келет.