27- Январь 1756 -жылы
австриялык композитор Вольфганг Амадей Моцарт туулган
Австриялык композитор, капельмейстер, пианист, скрипач, клавесинист, органист Вольфганг Амадей Моцарт туулуп, 1791-жылы 5-декабрда 35 жашында Венада көз жумган. Ал Гайдн, Бетховен сыяктуу Вена классикалык композициялар мектебинин жаркын өкүлү болгон. Замандаштарынын айтымында, Моцарт өзүнүн таланты, эс тутуму, кабыл алуусу менен башкалардан кыйла эле айырмаланган.