Оор атлетика боюнча КРнын көп жолку чемпиону жана рекордчусу, КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери Улан Молдодосов Токтогул районунда төрөлгөн. Дене тарбия институтун, андан кийин КГУСТАнын инженердик факультетин аяктаган. 2005-жылы Ислам оюндарынын алгачкы чемпиону, эки жолу Азия чемпиону (2005, 2006-жж.) аталган. 2004-жылы Афина жана 2008-жылы Бээжин олимпиадаларына катышып, ачылыш аземинде КРнын туусун көтөрүп чыккан. Улан Молдодосов Жаштар сыйлыгынын лауреаты, көп жолу "Жылдын мыкты спортчусу" аталган.