30- Январь 1882 -жылы
АКШнын 32-президенти Франклин Рузвельт туулган
АКШны "улуу депрессиядан" куткарып, ири держава болушуна эгебейсиз салым кошкон 32-президент Франклин Делано Рузвельт бай жана мартабалуу үй-бүлөдө туулган. Анын атасы Жеймс Рузвельт көмүр жана темир жол компанияларынын акциясына ээ, таасирдүү адам болгон. Франклин 1896-1899-жылдары Гротондогу эң мыкты мектептен окуп, Гарвард университетинен билимин уланткан. Саясий карьерасы 1910-жылы башталып, 1921-жылы шал оорусуна чалдыкканда убактылуу токтогон. Бул дарт анын буттары түбөлүккө сенек кылганы менен эркин майтара алган эмес. Ал саясый аренага 1928-жылы кайтып келип, Нью-Йорк штатынын губернаторунун ордун ээлеген. Ал жерде эки мөөнөт отурган соң, 1932-жылы кайрадан президент болуп шайланган. Рузвельт президенттиктин алгачкы 100 күнүндө эле кризистин сазына батып турган АКШны жандантуу үчүн бир катар зарыл программаларды камтыган "Жаңы багыт" планын иштеп чыгууга жетишкен. Алгач банк системин калыбына келтирип, анан жумушсуздар менен ачкачылык чеңгелиндегилерге жардам берүүнү колго алган. Айыл-чарба менен өндүрүш тармагына көп көңүл бурган.
Рузвельт тышкы саясатты өтө аяр, сак жүргүзгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгышы менен ал курал-жарак өндүрүүнү жана сатууну алдыңкы орунга коюп, Англия менен Францияга тымызын жардам бере баштаган. Тарыхчы жана аскер адамдарынын айтымында, 1941-жылдын 7-декабрында япон учактары АКШнын Тынч океандагы Перл-Харбор аттуу аскер базасына кол салбаса, Рузвельттин тышкы саясаттагы ролу ушул темпте сакталып калмак. Маанилүү аскер базасынын кыйрашы менен ал армиясын согушка киргизип, жеңишти тездеткен.
Франклин Делано Рузвельт 1945-жылы 12-апрелде көз жумган. Америка тарыхында ал биринчи жолу төрт жолу шайланган президент жана "улуу реформатор" катары сакталып калган. Төрт мөөнөт ичинде ал ачка, алсыраган өлкөнү бутуна тургузуп, ал тургай дүйнөлүк аренада чечүүчү ролду ойногон "көзүрлүккө" жеткирген.
Рузвельт жубайы Элеонорага 1905-жылы үйлөнүп, андан төрт бала көргөн. Элеоноранын тарыхта өз орду бар. Ал майып, оорукчан күйөөсүн кыйын мүнөттөрдө колдоп, улуу максаттарга жетишине көмөк көргөзгөн.