
Популярдуу кинокомедиялардын жаратуучусу, советтик режиссёр, СССРдин Эл артисти, тагдырын тарых кылып жашаган Леонид Гайдай Амур областынын Свободный шаарында төрөлгөн. Леонид агасы Александр менен эжеси Августадан айырмаланып тартынчаак болуп өскөн. Буга "р", "л" тамгаларын так айта албагандыгы да себеп болгон. "Өз тагдырын өзү жасап алган" (Н.Михалков) Гайдай бала кезинен киного жакын болуп, ушул балалык кызыгуусу аны мектеп партасынан кино дүйнөсүнө алып келген. Иркутскидеги областтык театрда иштей баштаганда, согушка байланыштуу эвакуацияланып келген Москва сатира театрынын Хенкин, Поль, Лепко, Доронин, Тусузов, Слонова сыяктуу сахна чеберлеринин оюндарына күбө болуп, чоң таасир алган. 1942-жылы аскерге чакырылып, мектепте немис тилин окугандыгы үчүн Калинин фронтуна чалгындоо бөлүмүнө жиберилген. 1943-жылы жарадар болуп (бутун ампутацияга бербей койгон), өмүр бою кыйноого салган жараат алган. Госпиталдан чыгар менен мурда өзү иштеген драмтеатрдын алдындагы студияга тапшырып, аны 1947-жылы бүтүрүп чыккан. 1949-жылы Москвага келип, ВГИКтин режиссёрдук факультетине тапшырган. Ал жерден да көпчүлүктө боло бербеген ой жүгүртүүсү, ойлоп табуусу, актёрдук чеберчилиги, Пырьев, Барнет сыяктуу мэтрлерди таң калтырган. Чыгармачылык башатындагы өзгөрүүлөр менен катар, бул окуу жайдан өз бактысын да тапкан. Бир курста окуган, болочоктогу актриса Нина Гребешковага үйлөнүп, Оксана аттуу кыздуу болгон. Турмуш жолу өзүнчө нукка түшө баштаганда Барнеттин "Ляна" комедиясында, 1958-жылы Александар Наумовдун "Шамал" ("Ветер") фильмине тартылгандан кийин актёрлук ишти таштап (өз фильмдеринде гана эпизоддук каармандары ойногон), калган өмүрүн режиссурага арнаган. 1955-жылдан тартып "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру болгон. 1956-жылы В.И.Невзоров менен бирге "Узак жол" ("Долгий путь") деген биринчи фильмин жараткан. Кино ишмер Михаил Ромм Гайдайдан чебер комедиограф чыгарына ишеним көрсөтүп, "Тигил дүйнөдөн келген күйө бала" ("Жених с того света") фильминин жаралышына көмөк көрсөткөн. Бюрократтарды мыскылдаган тун комедиясы Маданият министрлиги тарабынан сынга алынып, өзгөртүү, кыскартуу менен экранга чыккан. Бул Гайдай үчүн оор сокку болгон. Кийинки жараткан идеологиялык пафостогу фильми да ийгилик алып келбей, бир жылдай кинотармагынан алыстай түшкөн Гайдай 1961-жылы Барбос ити менен байланышкан "Тап такыр тамашасы жок" ("Совершенно серьезно") кыскаметраждуу фильмдери менен кайра кайтып келген. Алгачкы каармандары Балбес-Трус-Бывалый (Никулин-Вицин-Моргунов) менен иштөөнү улантып "булар баарына белгилүү, эми башка жаңы каарман түзүш керек" деп Шурик - Александр Демьяненко кошулган квартеттин катышуусунда "Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары" ("Операция "Ы" и другие приключения Шурика"), "Кавказ туткуну" ("Кавкаяская пленница") фильмдерин жараткан. Ушул эки фильм жана "Бриллиант кол" ("Бриллиантовая рука") тасмасы үчүн (1968) 1970-жылы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон. 1971-жылы "12 отургуч" ("12 стульев") кызыктуу кинотасмасын, 1973-жылы "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт" ("Иван Васильевич меняет профессию"), 1975-жылы "Болушу мүмкүн эмес" ("Не может быть"), 1980-жылдары "Спортлото - 82" сыяктуу комедиялардын "алтын фондуна" кирген өлбөс кинотасмаларын жараткан. Алардын артынан эле чыккан "Жашоо үчүн кооптуу" ("Опасно для жизни") (1985), "Частный детектив, или Операция "Кооперация" (1989), "На Дерибасовской хорошая погда или на Брайтон-Бич опять идут дожди" (1992) фильмдери мурунку кинотасмаларындай ийгилик алып келген эмес, жубайы Нина Гребешкованын айтымында, режиссёр өзү да бул иштерине ыраазы болгон эмес.
Үй-бүлөлүк жашоонун оор-жеңилин көтөрө билген жубайына ыраазы болгон Гайдай өмүрүнүн акырында "сага жолуктурган тагдырыма ыраазымын" деген экен. Нинанын эскерүүсүндө Гайдайдын "3" деген мистикалык саны болгон. Анын бардык эсте калаарлык жылдарынын аягында (1923-жылы төрөлдү, 1943-жылы согуштан келди, 1953-жылы үйлөндү, 1993-жылы 19-ноябрда көз жумду) 3 саны турган.