6- Июнь 1918 -жылы
Синьцзянга качкан ак гвардиячыл казак-орустар Пржевальск жана Жаркент уезддерине каптап киришкен
Синьцзянга качкан ак гвардиячыл казак-орустар Пржевальск жана Жаркент уезддерине каптап киришкен. Буга чейин жергиликтүү бийлик тарабынан улуттук саясат, дин иштери жана тамак-аш маселесин чечүүдө катачылык кетирилип, ал большевиктердин саясатына залакасын тийгизген жана контрреволюциячыл күчтөргө көмөк көрсөткөн. Клецко баштаган кызыл аскерлер отряды аларга каршы коюлуп, анда кызмат өтөгөн М.Сүйүнбаевге окшогон кыргыз жоокерлери душманга каршы күрөшүүдө каармандык көрсөтүшкөн.