Айтылуу “Битлздин” өкүлү, англиялык ырчы, композитор жана сүрөтчү Пол Маккартни Англиянын Ливерпуль шаарында туулган. Бул топтун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон музыкант коомчулукка эң мыкты бас-гитарист катары да таанымал. Бала кезинде жокчулуктун айынан кыйынчылыкты башынан көп кечирген. 14 жашында атасы ага эски чоорду белекке берген. Пол аны кийинчерээк акустикалык гитарага алмаштарган. Анын алгачкы чыгырмасы “Мен кичинекей кызымды жоготтум” дап аталган.