14- Сентябрь 1633 -жылы
Эне-сайлык кыргыз аскерлери Кузнецк уездиндеги орус кыштагын талкалашкан
Эне-сайлык кыргыздардын Алтысардык беги Бектен Кузнецк уездинде орун алган орус кыштагына чапкын жасаган. Орус архивдик материалдарында Бектен арбын аскер алып кыштактарды талкалап, мында болгон жылкыларды айдап, бышып жетилген буудайды өрттөп кеткен.
Мындан тышкары Бектен Кузнецк Алатоосунда орун алган кыргыздарга караштуу кыштымдардын чарбасына да зор зыян келтирип бүлүндүргөнү кабарланат. Анын себеби балким кыштымдардын орус бийлигине моюн сунуп, салык төлөшүнө байланыштуу болсо керек. Бектендин чапкынына жооп иретинде Томь воеводасы башында А.Прособецкий турган аскер жабдып, кыргыздарга каршы аттандырган.