Тарыхчы Өмүркул Караев Чүй өрөөнүндөгү Сайлык кыштагында туулган. 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы Кыргыз Улуттук Университетин) аяктаган. Ал эми 1962-жылы Москва шаарында СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун аспирантурасын аяктаган. Өмүркул Караев өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында иштеген.