15- Сентябрь 2007 -жылы Кыргыз Эл артисти, актриса Сабира Күмүшалиева көз жумган
Бүтүндөй өмүрүн актрисалык кесипке арнаган Кыргыз Эл артисти Сабира Күмүшалиева 90 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Кыргыз жана советтик театр жана кино артисти, Кыргыз ССР эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта Бишкек шаарынын Төкөлдөш тарабында туулган. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин, Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн соң, 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген. Өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жараткан.
Сабира Күмүшалиева эпизоддук ролдордун мыкты чебери болгон. Муну режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасындагы Карыз аттуу кемпирдин ролун аткаруудагы чеберчилигинен көрсө болот. Ал аталган тасмада тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, образын түзгөн. Бул тасма 1976-жылы тартылып, IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон.
Сабира Күмүшалиева 1934-жылы Кыргыз драма театрга кабыл алынып, алгачкы жолу Касымаалы Жантөшевдин "Карачач" пьесасында башкы каарман Карачачтын ролун ойногон.
1957-жылы театр искусство жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн Сабира Күмүшалиева "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти" андан кийин "Кыргыз Эл артисти" наамын алган.
Ал "Даңк" медалынын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык жана Казак Республикасынын "Алтын Көпүрө", Төлөгөн Айбергенов жана Ленин комсомолу сыйлыктарынын лауреаты, эгемендүүлүк жылдарында "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын ээси болгон.
Сабира Күмүшалиева казак элинин "Адам - бугу", "Боордошум", "Уул тууган", "Согуш учурундагы балдар" ж.б. тасмаларында да ролдорду мыкты ойноп, эки элдин достугунда да данакер болгон болсо, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында роль жараткан. Сабира Күмүшалиева "Эрте жаздагы турналар", "Кызыл алма", "Тайлактын энеси", "Караш-караш окуясы", "Отко таазим", "Ак кеме", "Ак куулар конгон айдың көл", "Фудзиямада кадыр түн" ж. б. кинолорунда кайталангыс ролдорду жараткан. Мындан сырткары, "Уркуя" тасмасында, "Курманжан датка" спектаклинде роль жаратып, элинин эсинде калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан