Орус аскер башчысы, генерал-фельдмаршал Михаил Кутузов Петербургда төрөлгөн. Атасы өз мезгилинин мыкты аскер инженерлеринин бири болгон. Энеси Михаил туулгандан кийин кайтыш болуп, ал таенесинин колунда тарбияланган. Бирок, атасы Петербургка келгендин кийин, аны өзүнө алган.
Келечектеги аскер башчынын аскер адамы болушуна атасынын тууганы - Иван Логинович Голенищев-Кутузовдун салымы бар. Анын үйүндө жаш бала окумуштуу, жазуучулар, аскер адамдары менен көп жолугуп, аскер өнөрүнө кызыгуусу пайда болгон. Жаш баланын шыгын байкаган атасы аны 12 жашында Инженердик мектепке киргизет. Өзү теңдүү курдаштарынан айырмаланып көп окуп, мектепти алардан мурда 1759-жылы аяктаган. Ал гана эмес артиллериялык жана инженердик мектепте кадеттерге математикадан сабак да берген. Жыл өтпөй Ревелдик губернатор ханзаада Гольштейн-Бекске адъютант болуп дайындалып, капитан наамын алууга жетишкен. 1767-жылы эски Собор мыйзамдар жыйнагынын ордуна жаңы мыйзамдар жыйнагын түзүүдө комиссиянын курамында иштеген. Мунун баары Кутузовдун аскер башчы катары калыптанышына оң таасир тийгизген.
1768-1772-жылдары жаш офицер орус-түрк согушунда П.И.Румянцевдин кол алдында кызмат өтөгөн. 1770-жылы июнда Ряба Могилада өткөн салгылашта өзүн татыктуу көрсөткөн. Ларг жана Кагулдагы кармаштарда да гренадер батальонун татыктуу башкарып, мунусу үчүн обер-квартирмейстер деген наамга татыган. Кутузов орус армиясына немис тартиптерин жайылтууга ачыктан ачык каршы чыккандыктан, аны Смоленскидеги жөө аскерлер полкуна которушкан. 1772-1774-жылдары Крымдагы В.М.Долгоруковдун армиясында кызмат өтөп, алар менен бирдикте түрктөрдүн Кинбурн сепилин алууга катышкан. Шум кыштагын басып кирген түрк аскерлерине каршы, колуна туу кармап, орус аскерлеринин башында турат. Согушта оор жаракат алып: ок сол чекесинен кирип, оң көзү жагынан чыккан Кутузов аман калган. Екатерина IIнин буйругу менен аны чет мамлекетке дарыланууга жиберишкен. Ханайым Кутузовду жакындан таанып, аны "келечекте улуу генерал болот"- деп ишенген. Кутузов Германия, Англия, Австриядагы дарылануу учурунда убактысын текке кетирбей, батыш европалык аскерлердин согуш өнөрү менен жакындан таанышып, Фридрих II, Пруссиянын аскер башчылары Ласси жана Лаудон менен жолугушкан.
Узак дарылануудан соң А.В.Суворовдун аскерлерине жиберилип, ал алты жыл бою Суворовдун жардамчысы жана шакирти болуп кызмат өтөйт. Суворов болочок аскер башчынын талантын байкап, Кутузовдун полковник наамын алышына чоң жардам берген. Полковник Кутузов Луган, кийин Мариупол атчан жоокерлер полкунун башчылыгына дайындалган.
1778-жылы май айында Кутузов белгилүү генерал-поручик И.А.Бибиковдун кызы Екатерина Ильиниченко менен баш кошкон. Ал экөө турмуштун оор сыноолорун бирге жеңип келишкен. Алты балалуу болушкан: беш кыз, бир бала. Уулу наристе кезинде эле чарчап калган.
1784-жылы генерал-майор наамына жетишкен Михаил Илларионович Бугтагы егердик бөлүктү башкарып турган. Жоокерлерди катуу кармаган. Бирок, сөзүн эки кылбаган, милдеттерин так аткарган аскерлерди сыйлык менен кызыктырып коюуну да унуткан эмес. Ошол жылдары Латын Америкадагы улуттук-боштондук кыймылдын баатыры Франсиско Миранда менен да таанышкан.
Аңгыча 1787-жылы орус-түрк согушу чыгат. Анын егердик бөлүгү Г.А.Потемкиндин Екатеринославлык аскерлердин курамына кошулуп, алар менен бирдикте салгылашкан. 1788-жылы аны аскерлери менен А.В.Суворовдун жоокерлери согушуп жаткан аймакка - Кинбурнга жиберишкен. Генерал Очаковду алууга катышып, биринчи алган жаракатына экинчи ирет ок тийип, өмүр менен өлүмдүн ортосунда калган. Дарыгерлер генералды тирүү калат деп ойлошкон эмес. Ошентсе да өзү аман калып, көзү көрбөй калган. Толук айыккандан кийин Кутузов аскердик жашоодон четтеген эмес, ага Буг жана Днестрдеги жоокерлерди жетектөө вазийпасы тапшырылган. Генерал Кутузов Аккерман жана Бендерге жасалган чабуулдарга катышып, Измаил сепилин алууда да четте турбаган. Чабуул жасоо планын түзүүгө, аскерлерди даярдоого катышып, шаарды алууда да өзгөчөлөнгөн. Бул жеңиш согуштун кийинки уланышын аныктаган. Кутузов генерал-поручик чинин жана 3-даражадагы Георгий орденин алып, Измаилге комендант болуп дайындалган. Ошентип ал Днестр менен Прутту башкарып калган.
1791-жылы 14-июнда Кутузовдун жоокерлери Бабадачтан, кийин 9-июлда Мачинден түрктөрдү талкалаган. Түркия жеңилгенин моюнуна алып, Ясс тынчтык келишимине кол койгон.
1792-жылы Польша жүрүшүнө катышкан. Кийинчерээк Екатерина IIнин буйругу менен Түркияга чукул жана толук ыйгарым элчи болуп жөнөтүлгөн. 1794-жылы Түркиядан кайтып келген соң, кургактагы кадет корпусунун мүдүрү болуп дайындалган. 1797-жылы Павел I аны Берлинге дипломатиялык тапшырма менен жөнөтөт.
1801-жылы июнда жаңы император Александр I Кутузовду Петербургдун аскер губернаторулугуна дайындаган. Дайындалган кызматына жаңы эле киришкенде падышанын каарына кабылган. 1801-жылы сентябрда ал "ооруганына байланыштуу" деген калп шылтоо менен кызматынан четтетилген. Чынында, кызматтан кетишинин себеби генералдын өзүнө маалым болчу. Ал Павел Iнин кантип кайтыш болгонун жакшы билген. Генералдын билгендери падышаны чочулаткан. Ошентип, 1802-жылы Кутузов Горошки кыштагына кетип, ал жакта үч жылга жакын жашаган. Бул анын сүргүндө жүргөнү болучу.
Ошол арада Наполеон жаңы жерлерди ээлеп, Орусия, Австрия жана башка өлкөлөрдүн тынчын ала баштаган. Францияга каршы беш мамлекеттен - Орусия, Англия, Австрия, Швеция жана Неаполитан падышачылыгынан турган коалиция куралган. Орусиянын жоокерлери Австрияга жардамчы күч катары жиберилген. Аны башкарууга Кутузов дайындалган. башка ылайыктуу эч ким табылган эмес.
Кутузов орус аскер башчыларынан алгачкылардан болуп Наполеонго каршы чыккан орус аскерлерин жетектеген. Бирок ал Австрия падышасына жана австриялык башкы командачыга баш ийген. Орус жоокерлери Австриянын армиясына жаңы гана кошулганы турганда Наполеон австриялыктардын таш-талканын чыгарган. Мына ошондо Кутузовго өз алдынча аракет жүргүзүүгө уруксат беришкен. Душмандын аскерлеринин курчоосунда калбаш үчүн орус аскерлери артка чегине берген. Бир аз убакытка болсо да душманды токтотуу максатында аскер башчы Шенграбен кыштагына 5 миң аскерди Багратиондун жетектөөсү алдында калтырып кетет. Алар француздардын 30 миң аскеринин чабуулуна туруштук берип, Кутузовдордун курчоодон чыгып кетишине шарт түзгөн. Ал учурда Орусиядан кошумча күч келе жаткан эле. Буга таянып эки император "чабуулга чыгуу керек" - дегенине карабай, Кутузов ага каршы болгон. 1805-жылы ноябрда Аустердицтин алдындагы согушта орус-автриялык жоокерлерди Александр I башкарып, салгылашты уттуруп койгон. Күнөөнү Кутузовго оодарып, аны кызматынан кетирип, Киевге аскер губернаторлукка отургузуп коюшкан.
1806-жылы Түркия кайтадан Орусияга каршы согуш ачкан. Беш жылга созулган кармашта, Орусия тараптан алгылыктуу аскер башчы чыгып, Түркиянын мизин кайтара алган эмес. 1811-жылы падыша арга жоктон башкарууну Кутузовдун колуна өткөрүп берген. Ошол эле жылдын июнь айында ал Рущук сепили астындагы согушта түрктөрдү талкалап, саны боюнча төрт эсеге көп түрктөрдү октябрь айында тизелеткен. Мындан кийин Бухарестте орустар үчүн ыңгайлуу тынчтык келишими түзүлгөн. Анын шарттары боюнча Наполеон Орусияга кол салган учурда Түркия ага кол кабыш кылмак эмес.
Наполеон көп күттүрбөй 1812-жылы 12-июнда Орусияга каршы согуш ачкан. 24-июлда Кутузов Петербургду коргонууга даярдамакчы болот. Биринчи жана экинчи аскер күчтөрүнүн башчылары Барклай-де-Толли менен Багратиондун ортосундагы ырксыздык, башкы башкаруучунун жоктугу жана башка бир катар жагдайлардан улам Александр I Кутузовду башкы башкаруучу кылып дайындаган.
14-августта Царево-Займищеге келип, аскерлердин абалын көргөн аскер башы артка кетүүгө буйрук берет. Бородин талаасына жеткенде аскерлер токтошот. Орустар ушул жерден душманын тосуп алмакчы болушат. 120 миң аскери бар орустар согушка даярданып, аскерлерин мындайча тизген: оңдо Барклай, солдо Багратион, ортодо генерал Раев туруп, 40 миң жоокер кошумча күч катары калтырылган. 26-августта Бородинодо Наполеон менен Кутузов бет келишип, катуу кыргын болгон. Наполеон оң тарапка кол салымыш этип, чабуул сол флангга жасалган. Канткен менен Багратион каршылашынын чабуулунун мизин кайтарып, бирок, өзү оор жаракат алган. Бородино талаасындагы тиреште Наполеон аскеринин 44%ынан, ал эми Кутузов 36%ынан ажыраган.
Кутузов мындай жоготуулардан кийин артка кетүүнү туура көрүп, Москвага кеткен. 1-сентябрда Фили кыштагында аскер кеңешмеси өтүп, Москва алдында согуш "болот, болбойт" - деп ары ойлонуп, бери ойлонуп жыйынтыгында "болот" деп чечишкен. Кутузов аскер күчүн ээрчитип алып, душмандарын айланып өтүп, Тарутино айылына кирет. Ошентип, француздар орус жоокерлеринин курчоосунда калышкан. Тарутино өзүнчө лагерге айланып, ал жерде жаш аскерлер атууга, тоскоолдуктардан өтүүгө үйрөнүшкөн.
6-октябрда француздар Москвадан чыгып, Малоярославец аркылуу түштүк аймактарды колго алууну көздөгөн. Тилекке каршы, жолдо аны орус жоокерлери күтүп алып, Смоленск жолу аркылуу качырышкан. Өздөрү артынан түшүп, Березин дарыясын өтүп бараткан жеринен француз жоокерлеринин таш-талканын чыгарышкан (болгону 9 миң адам дарыядан чыгып кутулуп кетишкен). 6-январда Александр I Ата Мекендик согуш аяктагандыгы тууралуу жарлык чыгарган.
1812-жылдын декабрында орус аскер күчтөрү чек арадан өтүп, алардын катарына Наполеондун мурунку шериктештери прус жана австралиялык армия кошулган. Февралдын аягында Гамбург менен Берлин бошотулган.
Такай сапарда жүргөн Кутузов саламаттыгына чоң залал тийгизип алган. Ал 1813-жылы 16-апрелде Бунцлау шаарында көз жумган. Анын денеси чайыр менен сыйпалып, 25-июлда Петербургдагы Казань чиркөөсүнө коюлган.